# 27-берене. Өрт коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 13-декабрындагы № 118 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3236/edition/1224866/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112454/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө, 27-берене (16.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-27

---

1. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери берилген укуктарды талаптагыдай эмес пайдалангандыгы жана аларга жүктөлгөн көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын, өрттүн алдын алуу, аны өчүрүү жана авариялык куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча милдеттерди талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн тартиптик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат.

2. Министрликтердин, административдик ведомстволордун, менчигинин түрүнө жана ведомствого таандыктыгына карабастан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тиешелүү юридикалык жактарга жана кызмат адамдарына, ал эми шаарларда жана калктуу конуштарда - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жүктөлөт.

3. Турак жайлардын, үйлөрдүн, короодогу курулуштардын, дачалардын жана бакчадагы үйлөрдүн өрт коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик менчик ээсине же ал жерде убактылуу жашаган адамдарга жүктөлөт.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-28)
