# 23-берене. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин укуктук абалы, кызмат өтөө тартиби жана социалдык кепилдиктери

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 13-декабрындагы № 118 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3236/edition/1224866/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112454/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө, 23-берене (16.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-23

---

1. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары өз милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болот. Аларга Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктар, социалдык кепилдиктер жайылтылат.

Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларынын кызмат өтөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тиешелүү жобо менен аныкталат.

2. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларына жана кызматкерлерине өрт өчүрүүгө байланыштуу иши үчүн ошондой эле эмгектин оор, зыяндуу жана өмүргө коркунуч келтирген шарттарындагы иши үчүн кошумча төлөм Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-24)
