# 22-берене. Коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуунун жана алардын өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келишин аныктоонун негизги формалары жана методдору

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 13-декабрындагы № 118 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3236/edition/1224866/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112454/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө, 22-берене (16.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-22

---

Коргоо объекттеринин, продукциянын, долбоорлоо, өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, эксплуатациялоо, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуунун жана алардын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келишин аныктоонун негизги формалары жана методдору төмөнкүлөр болуп саналат:

1) өрткө каршы алдын алуу;

2) долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүү;

3) мамлекеттик контроль жана көзөмөл;

4) объекттерди кабыл алуу жана ишке киргизүү;

5) өндүрүштүк контроль;

6) шайкештигин ырастоо;

7) сыноолор жана изилдөөлөр;

8) өрт коопсуздугу жаатындагы иштердин айрым түрлөрүн лицензиялоо.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-23)
