# 21-берене. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүн айылдык жана шаардык калктуу конуштарда жайгаштыруу боюнча өрт коопсуздугунун талаптары

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 13-декабрындагы № 118 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3236/edition/1224866/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112454/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө, 21-берене (16.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-21

---

1. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүнүн айылдык калктуу конуштардын аймагындагы жайгашуусу 25 чакырымдан ашпаган жол жүрүү радиусунда аныкталат, мында биринчи бөлүмдүн келип калуу убактысы 25-40 мүнөттөн ашпоого тийиш, шаардык калктуу конуштарда 5 чакырымдан ашпаган радиуста аныкталат, келип калуу убактысы 10 мүнөттөн ашпоого тийиш.

Ведомстволук өрттөн сактоо бөлүмүнүн жана ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрүнүн жайгашуу орду алар түзүлгөн ведомстволор, уюмдар, ишканалар жана мекемелер тарабынан аныкталат.

2. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрү өрттөн куткаруу бөлүктөрүнүн имараттарында жайгаштырылууга тийиш. Бир күжүрмөн эсептин (бир автоцистернадагы экипаждын) саны шаардык калктуу конуштар үчүн 6 адамдан кем болбоого тийиш жана айылдык калктуу конуштар үчүн 4 адамдан кем болбоого тийиш. Бир өрттөн куткаруучу бөлүктүн тейлөөсү шаардык калктуу конуштарда - 100 миң адамга жана айылдык калктуу конуштарда 30 миң адамга эсептелүү менен аныкталат.

3. Өрткө каршы алдын алуунун, ошондой эле мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн инспектордук курамынын саны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан калктын санына жана чарба жүргүзүүчү объекттердин санына жараша аныкталат.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-22)
