# 18-берене. Өрттү өчүрүүдө жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө өрт коопсуздугу кызматтарынын кызматкерлеринин укуктары

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 13-декабрындагы № 118 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3236/edition/1224866/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112454/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө, 18-берене (16.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-18

---

1. Өзгөчө зарыл болгон шарттарда өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө өрт коопсуздугу кызматтарынын кызматкерлери өрттү өчүрүүнүн жетекчисинин буйругу боюнча төмөнкүлөргө укуктуу:

1) от жана күйүү продуктулары тараган же тарашы мүмкүн болгон бардык турак, өндүрүштүк жана башка орун-жайларга кирүүгө;

2) имараттардын жана курулмалардын жабык эшиктерин, тосуп турган жана конструктивдүү элементтерин сындырууга (ачууга);

3) өрттү өчүрүүнү кыйындатуучу предметтерди жылдырууга жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүгө, адамдарды жана материалдык баалуулуктарды эвакуациялоого;

4) оттун жана күйүү продуктуларынын таралуу коркунучунда турган имараттардан, жайлардан адамдарды жана материалдык баалуулуктарды эвакуациялоо боюнча буйрук берүүгө;

5) уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилеринен материалдык-техникалык ресурстарды жана суу булактарын пайдаланууну, өрттү өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн жумушчуларды жана кызматчыларды тартууну талап кылууга.

2. Өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү жумуштарын уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

3. Өтө зарыл болгон шарттарда иштөөчү өрт коопсуздугу кызматтарынын жеке курамы, өрт өчүрүүнүн башка катышуучулары келтирилген зыяндын ордун толтуруудан бошотулат.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-19)
