# 17-берене. Өрттү өчүрүүнүн жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүнүн жетекчиси

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 13-декабрындагы № 118 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3236/edition/1224866/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112454/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө, 17-берене (16.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-17

---

1. Өрттү өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча ишти өрт чыккан жерге келген өрт коопсуздугу кызматынын начальниги жетектейт. Өрт чыккан жерге келген учурда өрттү өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча ишке жетекчиликти улук начальник өзүнө алат.

2. Өрттү өчүрүүнүн жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүнүн жетекчиси жеке өзү башкарат, ага өрттү өчүрүүгө келген өрт коопсуздугу кызматтарынын бөлүмдөрүнүн жана тартылган күчтөрдүн бардыгы ага баш иет. Кызмат адамдарынын эч кимисинин өрттү өчүрүүнүн жетекчисинин өрттү өчүрүүгө байланыштуу буйруктарына кийлигишүүгө, буйруктарды жокко чыгарууга укугу жок.

3. Өрттү өчүрүүнүн жетекчисинин буйруктары өрттү өчүрүүгө катышып жаткан бардык жарандар жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин кызмат адамдары тарабынан милдеттүү аткарылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-18)
