# 14-берене. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизги милдеттери

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 13-декабрындагы № 118 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 января 2024 года № 16 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пожарной безопасности""](https://aqlex.ai/kg/doc/230000004)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112454#diff=1224866..1855>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3236/edition/1224866/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112454/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө, 14-берене (16.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-14

---

Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй негизги милдеттерди жүзөгө ашырат:

1) өрт коопсуздугу системасын түзүү жана башкаруу, анын башкы милдеттерин жана каржылоо булактарын аныктоо, аны укуктук камсыз кылуу;

2) өрт коопсуздугу чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү координациялоо жана уюштуруу;

3) өрт коопсуздугу чөйрөсүндө региондорду, аймактарды, тармактарды жана ишканаларды комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын иштеп чыгууга катышуу;

4) өрттүн алдын алууну уюштуруу;

5) өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардын ченемдеринин, техникалык регламенттердин, стандарттардын, ченемдердин жана эрежелердин талаптарынын сакталышына көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруу;

6) өрттөрдү жана алардын кесепеттерин мамлекеттик эсепке алууну жүргүзүү;

7) болуп өткөн өрттөр боюнча алгачкы текшерүү (изилдөө) жүргүзүү;

8) өрт коопсуздугунун чараларына окутуу, өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү кызмат адамдарын жана адистерди даярдоо жана кайра даярдоо;

9) өрт коопсуздугу жаатындагы стандарттарды, ченемдерди жана эрежелерди иштеп чыгуу;

10) жеке жана юридикалык жактар кайрылганда өрт коопсуздугунун ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарына ылайык келиши жөнүндө ишке киргизилип жаткан имараттардын жана курулмалардын материалдарына, орнотмолоруна, жабдууларына, өрткө каршы автоматтык системаларына, ошондой эле чыккан өрттөр боюнча корутунду берүү;

11) долбоордук документтерге өрт-техникалык экспертиза жүргүзүү;

12) өрт өчүрүүчү техниканы жана жабдууларды сатып алуу маселелерин чечүү;

13) өрт коопсуздугу жаатындагы эксперттерди аккредитациялоо (аттестациялоо);

14) курулуш материалдарын, конструкцияларды жана коргоо объекттерин өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү боюнча сыноо, изилдөө;

15) өрт коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоо;

16) белгиленген тартипте өрт-техникалык экспертизадан өткөн долбоордук документтердин аткарылышына контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу.

(КР 2024-жылдын 16-январындагы № 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-15)
