Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
14-берене. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизги милдеттери
Күчүндө · 16.01.2024 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 января 2024 года № 16
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй негизги милдеттерди жүзөгө ашырат:
1) өрт коопсуздугу системасын түзүү жана башкаруу, анын башкы милдеттерин жана каржылоо булактарын аныктоо, аны укуктук камсыз кылуу;
2) өрт коопсуздугу чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү координациялоо жана уюштуруу;
3) өрт коопсуздугу чөйрөсүндө региондорду, аймактарды, тармактарды жана ишканаларды комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын иштеп чыгууга катышуу;
4) өрттүн алдын алууну уюштуруу;
5) өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардын ченемдеринин, техникалык регламенттердин, стандарттардын, ченемдердин жана эрежелердин талаптарынын сакталышына көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруу;
6) өрттөрдү жана алардын кесепеттерин мамлекеттик эсепке алууну жүргүзүү;
7) болуп өткөн өрттөр боюнча алгачкы текшерүү (изилдөө) жүргүзүү;
8) өрт коопсуздугунун чараларына окутуу, өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү кызмат адамдарын жана адистерди даярдоо жана кайра даярдоо;
9) өрт коопсуздугу жаатындагы стандарттарды, ченемдерди жана эрежелерди иштеп чыгуу;
10) жеке жана юридикалык жактар кайрылганда өрт коопсуздугунун ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарына ылайык келиши жөнүндө ишке киргизилип жаткан имараттардын жана курулмалардын материалдарына, орнотмолоруна, жабдууларына, өрткө каршы автоматтык системаларына, ошондой эле чыккан өрттөр боюнча корутунду берүү;
11) долбоордук документтерге өрт-техникалык экспертиза жүргүзүү;
12) өрт өчүрүүчү техниканы жана жабдууларды сатып алуу маселелерин чечүү;
13) өрт коопсуздугу жаатындагы эксперттерди аккредитациялоо (аттестациялоо);
14) курулуш материалдарын, конструкцияларды жана коргоо объекттерин өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү боюнча сыноо, изилдөө;
15) өрт коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоо;
16) белгиленген тартипте өрт-техникалык экспертизадан өткөн долбоордук документтердин аткарылышына контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу.
(КР 2024-жылдын 16-январындагы № 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 16 января 2024 года № 16 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пожарной безопасности""Редакцияларды салыштыруу
16.01.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана эрежелерди иштеп чыгуу;
10) жеке жана юридикалык жактар алынып салынды: кайрылганда, кошулду: кайрылганда өрт коопсуздугунун ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарына ылайык … материалдарына, орнотмолоруна, жабдууларына, өрткө каршы автоматтык алынып салынды: системаларына кошулду: системаларына, ошондой эле чыккан өрттөр боюнча корутунду берүү;
11) алынып салынды: өрт коопсуздугу боюнча долбоордук документтерге кошулду: өрт-техникалык экспертиза жүргүзүү;
12) өрт өчүрүүчү техниканы жана жабдууларды сатып алуу маселелерин чечүү;
13) өрт коопсуздугу жаатындагы эксперттерди аккредитациялоо алынып салынды: (аттестациялоо).кошулду: (аттестациялоо);
14) курулуш материалдарын, конструкцияларды жана коргоо объекттерин өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү боюнча сыноо, изилдөө;
15) өрт коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоо;
16) белгиленген тартипте өрт-техникалык экспертизадан өткөн долбоордук документтердин аткарылышына контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу.
(КР 2024-жылдын 16-январындагы № 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112454/st-14" title="14-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>