# 11-берене. Жарандардын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 13-декабрындагы № 118 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3236/edition/1224866/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112454/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө, 11-берене (16.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-11

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өрт чыккан учурда өмүрүн, ден соолугун жана өзүнүн мүлкүн сактоого;

2) алар дуушар болушу мүмкүн болгон өрт коркунучу жөнүндө кабардар болууга.

2. Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) өрт коопсуздугунун эрежелерин жана талаптарын сактоого, өрт чыккан учурда (табылганда) өрт коопсуздугу кызматына билдирүүгө, өрт өчүрүүгө колдон келген жардамды берүүгө;

2) өрт коопсуздугу кызматтарынын кызмат адамдарына объекттин өрт коопсуздугун текшерүүгө, өрттүн алдын алуу иштерин жүргүзүүгө, өндүрүштүк, турак жана көмөкчү жай аймактарында болгон өрттү тергөөгө мүмкүндүк берүүгө.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-12)
