# 10-берене. Уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилеринин жана кызмат адамдарынын милдеттери

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 13-декабрындагы № 118 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3236/edition/1224866/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112454/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө, 10-берене (16.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-10

---

Чарба жүргүзүүчү субъекттердин жетекчилери жана кызмат адамдары, менчигинин түрүнө карабастан, өздөрүнүн компетенцияларына ылайык төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) объекттерде өрт коопсуздугун жана тийиштүү өрткө каршы режимди камсыз кылууга;

2) өндүрүштүк-чарбалык иштин бардык технологиялык звенолорунун жана этаптарынын өрт коопсуздугун камсыз кылуучу уюштуруучулук-штаттык түзүмдү, кызматтык милдеттерди жана контролдоо системасын түзүүгө;

3) объекттердин экономикалык жана социалдык өнүгүү пландарында өрт коопсуздугу боюнча уюштуруучулук жана инженердик-техникалык иш-чараларды караштырууга, алардын аткарылышын камсыз кылууга;

4) объекттерди курууда, кайра конструкциялоодо жана пайдаланууда өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын талаптарын өз убагында жана толук аткарууну камсыз кылууга;

5) ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрүн түзүү жолу менен өрттүн алдын алууда жана аны өчүрүүдө эмгек жамааттарынын катышуусун камсыз кылууга, өрт коопсуздугунун эрежелерине жумушчуларды, инженердик-техникалык кызматкерлерди жана кызматчыларды окутууну уюштурууга;

6) өрт коопсуздугунун эрежелерин бузгандарга таасир этүү чараларын көрүүгө;

7) өрттүн чыгышы боюнча тергөө (изилдөө. иликтөө) жүргүзүүгө жана анын чыгышынын себептерин жана шарттарын жоюу үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө, өрттүн чыгышына күнөөлүүлөрдөн материалдык зыянды белгиленген тартипте өндүрүп алууга.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-11)
