Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене
Күчүндө · 05.12.2022 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"резервдик түзүмдөрдөгү кызмат.";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"резервдик түзүмдөрдө, отряддарда, ошондой эле аскердик башка түзүмдөрдө ыктыярдуу негиздеги кызмат;";
2) 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 22-1-берене менен толукталсын:
"22-1-берене. Жарандарды резервдик түзүмдөргө чакыруу, ошондой эле ыктыярдуу резервдик түзүмдөргө, отряддарга жана аскердик башка түзүмдөргө ыктыярдуу негизде чакыруу
1. Түздөн-түз коркунуч, согуштук агрессия мезгилинде, куралдуу чыр-чатак (согуштук инцидент, согуштук акциялар жана башка курал-жарактарды жана согуш техникаларын пайдалануу менен аскердик кагылышуулар) жаралганда, жарандарды резервдик түзүмдөргө, ыктыярдуу резервдик отряддарга жана башка аскердик түзүмдөргө чакыруу мобилизациялоону жарыялабастан, ошондой эле мобилизациялоону, согуш абалын же согуштук жагдайды жарыялоо менен ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. 18 жаштан 60 жашка чейинки курактагы жарандар резервдик түзүмдөргө жана башка аскердик түзүмдөргө чакырылууга тийиш. Ыктыярдуу резервдик отряддарга ыктыярдуу негизде чакырууга чакырылган күндө он сегиз жашка толгон жарандар тартылат, мында жаш курак чектелбейт.
3. Резервдик түзүмдөргө, ыктыярдуу резервдик отряддарга жана башка аскердик түзүмдөргө чакырылган жарандарга акчалай акы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган контракттык кызмат өтөөнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген ченемдер боюнча төлөнөт.
4. Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү аскер башкармалыгынын органдарында резервдик түзүмдөргө, ыктыярдуу резервдик отряддарга жана башка аскердик түзүмдөргө талапкер катары ыктыярдуу негизде каттоого турууга укуктуу.
Резервдик түзүмдөрдү, ыктыярдуу резервдик отряддарды түзүү жана иштетүү негиздери, аларды пайдалануу тартиби, ошондой эле резервдик түзүмдөрдө жана ыктыярдуу резервдик отряддарда жарандардын кызмат өтөө тартиби, төлөө тартиби жана укуктук статусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
3) 36-беренеде:
а) 3-бөлүктө
- экинчи абзацында "отуз беш" деген сөздөр "кырк" деген сөзгө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацында "отуз алты жаштан кырк беш жашка" деген сөздөр "кырк бир жаштан элүү жашка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацында "кырк алты жаштан элүү жашка" деген сөздөр "элүү беш жашка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Офицер курамындагы аскерге милдеттүүлөрдүн запаста жүрүү курагынын чеги төмөнкүнү түзөт: Begin_nocompare
Аскердик наамы
Чектеги жаш курагы
1-разряддагы запас
2-разряддагы запас
3-разряддагы запас
Кенже офицердик курам
48
53
58
Улук офицердик курам
58
63
65
Жогорку офицердик курам
-
-
68
End_nocompare ";
4) 41-берененин 1-бөлүгүнүн алтынчы, жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эсепте катталууда 500гө чейин аскерге милдеттүүлөр жана аскерге чакырылуучулар болсо - аскердик эсепке алуу жана мобилизациялык даярдыкты жүргүзүү боюнча бир жумушчу;
- эсепте катталууда 501ден баштап жана андан жогору аскерге милдеттүүлөр жана аскерге чакырылуучулар болсо - аскердик эсепке алуу жана мобилизациялык даярдыкты жүргүзүү боюнча эки жумушчу.".
Берененин тексти 05.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112451/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмүн камсыз кылуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>