Кыргыз Республикасынын «2022-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 3-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 3-чакан программа) ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2022-жылдын 28-ноябры № 112 2022-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 3-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 3-чакан программа) ратификациялоо жөнүндө
1-берене. 2022-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашуу (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 3-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашуу (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 3-чакан программа) ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуулардын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына кабарласын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 2-декабрындагы N 106 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2022-жылдын 2-ноябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.