# 99-берене. Жогорку Кеңештин саясий мүнөздөгү актылары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-99>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-99.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 99-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-99

---

1. Жогорку Кеңештин резолюциялары, декларациялары, кайрылуулары саясий мүнөздөгү актылар болуп саналат жана ички же тышкы саясаттын маселеси боюнча анын позициясын билдирет.

2. Актынын долбоору фракциялар, депутаттык топтор, комитеттер же депутаттар тарабынан Төрагага киргизилет, ал аны жооптуу комитеттин кароосуна жөнөтөт. Жооптуу комитет алган күндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде актынын долбоору боюнча чечим кабыл алат жана аны Аппараттын тийиштүү түзүмдүк бөлүмүнө өткөрүп берет.

3. Актынын долбоору жооптуу комитеттин чечими менен Аппараттын тийиштүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан Жогорку Кеңештин жыйналышына киргизилет, ал аны күн тартибине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.

4. Жогорку Кеңештин саясий мүнөздөгү акты депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

5. Кабыл алынган акт 10 жумуш күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланууга, ошондой эле Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-98)  
Кийинки берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-100)
