# 97-берене. Мыйзам долбоорунун "иши"

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 97-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-97

---

1. Жогорку Кеңеш тарабынан катталган мыйзам долбоору боюнча жооптуу комитет мыйзам долбоорунун "ишин" жүргүзөт.

2. Мыйзам долбоорунун "ишине" киргизүүнүн, кароонун же кабыл алуунун хронологиялык тартибинде төмөнкү документтер кирет:

1) мыйзам долбоору, анын ичинде альтернативдүү мыйзам долбоору жана коштоочу документтер;

2) комитеттердин альтернативдүү корутундуларынын долбоорлору;

3) арадагы бардык редакциялар;

4) мыйзам долбооруна карата сунуштар жана түзөтүүлөр;

5) мыйзам долбоору боюнча комитеттердин корутундулары жана бардык эксперттик кызматтардын корутундулары;

6) мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын стенограммалары;

7) жашыруун же ачык добуш берүүнүн натыйжалары;

8) акыркы редакциядагы мыйзамдын тексти;

9) парламенттик угуулардын сунуштамалары.

3. Мыйзам долбоорунун "ишине" басылма тексттердин нускалары, мөөр басылган жана өздөрү кол койгон документтердин түп нускалары же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү кирет.

4. Мыйзам долбоорунун "иши" мыйзам күчүнө киргенден кийин Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан Жогорку Кеңештин архивине өткөрүп берилет.

---

Мурунку берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-96)  
Кийинки берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-98)
