# 96-берене. Жыйналыштын "иши"

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-96>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-96.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 96-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-96

---

1. Жогорку Кеңештин ар бир жыйналышы боюнча Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү жыйналыштын "ишин" жүргүзөт, аларга төмөндөгүлөр кирет:

1) жыйналыштын "ишине" кирген документтердин тизмеги;

2) жыйналыштын протоколу;

3) жыйналыштын стенограммасы;

4) ачык добуш берүүнүн натыйжалары;

5) жыйналышта каралган документтердин долбоорлору;

6) жыйналышта каралган маселелер боюнча фракциялардын, депутаттык топтордун жана комитеттердин корутундулары;

7) депутаттардын жарыя кылынбаган сөздөрүнүн тексттери;

8) Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча фракциялардын, депутаттык топтордун жана депутаттардын өзгөчө пикирлери;

9) фракциялардын, депутаттык топтордун жана депутаттардын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптары жана аларга жооптор;

10) депутаттарга таратылган башка материалдар;

11) ошол жыйналышта каралган документтердин кабыл алынган редакциядагы тексттери;

12) жыйналышка чакырылган адамдардын тизмелери.

2. Фракциялар, депутаттык топтор, комитеттер, комиссиялар, депутаттар жана Аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү жыйналыштын "иши" менен таанышууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-95)  
Кийинки берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-97)
