# 95-берене. Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын протоколдоруна жана стенограммаларына жеткиликтүүлүк

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 95-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-95

---

1. Жогорку Кеңештин, комитеттердин жана комиссиялардын ачык жыйналыштарынын, ошондой эле фракциялардын, депутаттык топтордун айрым жыйналыштарынын протоколдору алардын чечими боюнча расмий сайтка жайгаштырылат жана Жогорку Кеңештин китепканасына өткөрүп берилет.

2. Фракциялар, депутаттык топтор, комитеттер, комиссиялар жана депутаттар Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштарынын стенограммаларынын түп нускаларына жана протоколдоруна эркин жеткиликтүүлүккө ээ.

3. Жогорку Кеңештин ачык жыйналыштарынын стенограммаларынын корректировкаланган тексттери жыйналыш аяктаган күндөн тартып 7 жумуш күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин китепканасына өткөрүп берилет.

4. Жогорку Кеңештин жабык жыйналыштарынын стенограммалары жана протоколдору менен таанышуу Төрага бекиткен жобого ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-94)  
Кийинки берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-96)
