# 94-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышынын стенограммасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 94-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-94

---

1. Жогорку Кеңештин жыйналышынын жүрүшүндө жыйналыштын аудиожазуусу жүзөгө ашырылат жана анын негизинде стенограмма басылат. Жыйналыштын аудиожазууларын жүргүзүүнү жана стенограммасын даярдоону Аппарат жүзөгө ашырат. Стенограмма талкуулоонун жүрүшүн чагылдырууга, жыйналыштын өткөрүлгөн күнү, убактысы, орду, күн тартиби, төрагалык кылуучунун фамилиясы жөнүндө маалыматты камтууга тийиш.

2. Стенограммада стилистикалык жана башка так эместиктерге жол берилген учурда депутат жыйналыштан кийинки жумуш күндүн ичинде жыйналышка төрагалык кылуучунун ысымына сын-пикирлерин жөнөтө алат, ал талаш маселелер боюнча чечим кабыл алат.

Стенограмманын түп нускасынын ар бир барагына текстин жазылышы үчүн жооп берүүчү адам (фамилиясын жана датасын көрсөтүү менен) кол коет.

3. Жыйналышта сүйлөнгөн сөздөрдү жазуу Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүндө электрондук жана басылма форматтарда сакталат жана бир жыл өткөндөн кийин архивге өткөрүп берилет.

---

Мурунку берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-93)  
Кийинки берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-95)
