# 93-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышынын протоколунун мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-93>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-93.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 93-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-93

---

1. Жогорку Кеңештин жыйналыштарына протокол түзүлөт. Жыйналыштын протоколун жүргүзүүнү Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү жүзөгө ашырат. Жыйналыштын протоколуна жыйналышка төрагалык кылуучу кол коет.

2. Жыйналыштын протоколунда төмөнкүлөр чагылдырылат:

1) жыйналынпы өткөрүү датасы, убактысы жана орду;

2) жыйналышка катышкан депутаттардын саны;

3) кароого коюлган күн тартибинин маселелери;

4) ошол жыйналыш үчүн депутаттарга таратылган документтердин аталыштары жана редакциялары;

5) жыйналышка чакырылган адамдардын фамилиялары жана кызмат орундары;

6) жыйналышка төрагалык кылуучунун жана сөз сүйлөгөндөрдүн фамилиялары;

7) добуш берүүгө коюлган бардык маселелер жана сунуштар, аларды чечүүнүн ыкмалары;

8) добуш берүүнүн толук натыйжалары (жыйналышка төрагалык кылуучу аларды толук жарыялабаган учурда да тиркелет) жана кабыл алынган чечимдер;

9) жыйналышка катышкан депутаттарды атын атап каттоо жөнүндө маалыматтар;

10) жыйналышка жүйөлүү себептер боюнча катышпагандыгы белгилүү болгон депутаттардын тизмеси.

3. Жыйналыштын протоколуна күн тартибинин маселелери боюнча добуш берүүнүн натыйжалары кошулат.

4. Протоколдун стенограммага төп келбегендиги үчүн жоопкерчиликти протокол түзүүнү жүзөгө ашырган адамдар тартат.

---

Мурунку берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-92)  
Кийинки берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-94)
