# 91-берене. Электрондук тутумду пайдаланууну контролдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 91-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-91

---

1. Жогорку Кеңеш бардык фракциялардын, депутаттык топтордун депутаттарынын ичинен добуш берүүдө электрондук тутумду пайдаланууга контролду жүзөгө ашыруучу туруктуу жумушчу комиссияны түзөт.

2. Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү контролду жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон бардык маалыматка тоскоолдуксуз жетүү укугуна ээ.

3. Электрондук тутумду пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүүдө жумушчу комиссия добуш берүү башталганга чейин электрондук тутумдун оң иштешин текшерүүгө милдеттүү.

4. Жашыруун добуш берүү режиминде электрондук тутумду пайдалануунун эрежелерин сактоо жумушчу комиссия түзө турган протокол менен таризделет.

5. Жумушчу комиссия ачык добуш берүүнүн натыйжаларындагы, сөз сүйлөөгө жазылуулардагы так эместиктер жана электрондук тутумдун ишиндеги башка каталар жөнүндө фракциялардын, депутаттык топтордун билдирүүлөрүнүн негиздүүлүгүн карайт жана текшерет.

6. Жумушчу комиссия өз ишине электрондук тутумдар боюнча эксперттерди жана адистерди тартышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-90)  
Кийинки берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-92)
