# 90-берене. Электрондук тутумду пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-90>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-90.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 90-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-90

---

1. Электрондук тутум төмөнкү максаттарда пайдаланылат:

1) Жогорку Кеңештин депутаттарын каттоо;

2) депутаттарды сөз сүйлөөгө жазуу;

3) добуштарды эсептөө жана добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо;

4) добуш берүүнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө маалыматты топтоо жана ыкчам берүү;

5) тизмелерди жана жыйналыштардын башка документтерин түзүү жана принтерден чыгаруу;

6) мыйзам долбоорлорунун маалымат базасын кошуп алганда, Жогорку Кеңештин жыйналыштар залында депутаттарды маалыматтык жактан камсыз кылуу.

2. Электрондук тутумда каттоо анын манжаларынын (манжасынын) издери же болбосо жүзүн таануу технологиясы боюнча идентификациялоонун жардамы менен депутаттын жеке өзү тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-89)  
Кийинки берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-91)
