# 9-берене. Жогорку Кеңеш биринчи кезекте кароого тийиш болгон маселелер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 9-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-9

---

1. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары ыйгарым укуктарына киришкенден кийин төмөнкү маселелер биринчи кезекте каралууга тийиш:

1) Төраганы жана анын орун басарларын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү;

2) добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча туруктуу комиссияны түзүү;

3) Төраганы жана анын орун басарларын шайлоо;

4) Жогорку Кеңештин түзүмүн бекитүү;

5) комитеттердин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо;

6) Жогорку Кеңештин комитеттеринин курамдарын түзүү.

2. Жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди кароонун ырааттуулугу жыйналыштын күн тартиби менен аныкталат.

Жогорку Кеңештин чечими боюнча биринчи кезекте каралуучу маселелерге башка маселелер да киргизилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-10)
