# 89-берене. Добуш берүүнү үч турда өткөрүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-89>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-89.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 89-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-89

---

1. Эгерде ушул Регламентте башкасы каралбаса, бир орунга бир нече талапкер көрсөтүлгөндө же чечимдин бир нече варианты каралганда добуш берүү үч турда өткөрүлүшү мүмкүн.

2. Депутаттар бир гана талапкер же чечимдин бир гана варианты үчүн же "баарына каршы" добуш бере алат. Талапкерлер бюллетендерге алфавиттик же мыйзамда аныкталган башка тартипте киргизилет.

3. Биринчи турда депутат көрсөтүлгөн бир нече талапкерлердин ичинен бири үчүн же чечимдердин бир нече варианттарынын ичинен бири үчүн же "баарына каршы" добуш берет.

4. Добуш берүүнүн экинчи туру добуштардын санынын көпчүлүгүн алган эки талапкер же маселени чечүүнүн эки варианты боюнча өткөрүлөт. Экинчи турдун жыйынтыктары боюнча добуштардын зарыл санын алган талапкер шайланды же чечимдин варианты кабыл алынды деп эсептелет.

5. Эгерде экинчи турда добуш берүүгө киргизилген эки талапкер же чечимдин эки варианты добуштардын тең санын алып калса, Жогорку Кеңеш кайталап добуш берүүнү өткөрөт.

6. Эгерде экинчи турда эки талапкердин бири да же чечимдин эки вариантынын бири да добуштардын талап кылынган санын ала албай калса, добуш берүүнүн үчүнчү туру өткөрүлөт.

7. Эгерде ушул Регламентте башкасы белгиленбесе, үчүнчү турдун жыйынтыктары боюнча депутаттардын санынын добуштарынын көпчүлүгүн алган талапкер шайланды же чечимдин ошол варианты кабыл алынды деп эсептелет.

8. Эгерде бир да талапкер же чечимдин варианты добуштардын зарыл санын албай калса, жаңы талапкерлерди же чечимдин жаңы варианттарын көрсөтүү менен жаңы шайлоо өткөрүлөт.

---

Мурунку берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-88)  
Кийинки берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-90)
