# 88-берене. Жогорку Кеңештин эсептөө комиссиясынын иши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 88-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-88

---

1. Эсептөө комиссиясы:

1) бюллетендин формасын белгилейт жана алардын шайланган депутаттардын санына ылайык санда даярдалышын контролдойт;

2) депутаттарга бюллетендерди өзүнө кол койдуруу менен берет;

3) добуш берүүнү даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат;

4) бюллетендерди берүү аяктагандан кийин калгандарын жок кылат;

5) добуш берүүнүн убактысын белгилейт;

6) добуш берүүнүн жүрүшүндө келип чыккан чыр-чатактарды жана талаштарды чечет;

7) урнаны ачууну жана добуштарды эсептөөнү жүзөгө ашырат;

8) добуш берүүнүн натыйжаларын, анын ичинде даярдалган, берилген, жок кылынган, анык, анык эмес бюллетендердин жалпы санын, ошондой эле добуштарды эсептөөнүн натыйжаларын Жогорку Кеңешке жарыя кылат.

2. Добуштарды эсептөөдө белгиленбеген формадагы бюллетендер, ошондой эле депутаттардын эрк билдирүүсүн аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер анык эмес деп эсептелет.

3. Урнаны ачуу жана бюллетендер боюнча добуштарды эсептөө жыйналыштар залында эсептөө комиссиясы тарабынан ачык жүргүзүлөт.

4. Добуш берүүнүн натыйжаларын эсептөө комиссиясы протоколдо чагылдырат, ага катышып жаткан комиссия мүчөлөрү кол коет.

Комиссия мүчөлөрүнүн бири протоколго макул болбогон учурда, ал жазуу түрүндө өзгөчө пикирин баяндайт, ал протоколго тиркелет жана жыйналышта жарыя кылынат.

5. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжаларын эсептөөдө Жогорку Кеңештин депутаттары эсептөө комиссиясынын ишинин жүрүшүнө кийлигишүү укугу болбостон катыша алат.

---

Мурунку берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-87)  
Кийинки берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-89)
