# 84-берене. Мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2024 года № 205 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020105)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.12.2024 [Закон КР от 18 декабря 2024 года № 205 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020105); 19.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 19 апреля 2023 года № 92 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/112573)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437#diff=14094..24056>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 84-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-84

---

1. Мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын күндөрүндө мыйзам долбоорун кароо аяктагандан кийин дароо өткөрүлөт.

Төрагалык кылуучу катталган депутаттардын санын жарыялайт жана мыйзам долбоорун добуш берүүгө коет.

2. Жооптуу комитеттер добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча токтомдордун долбоорлорун сунуш кылат.

3. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналышынын күн тартибиндеги мыйзам долбоорлору боюнча талкуу жана добуш берүү жол-жобосу ушул беренеде каралган тартипте жүргүзүлөт.

4. Добуш берүү укугун башка депутатка берүүгө тыюу салынат.

5. Депутаттар иш сапарларын жана башка иш-чараларын добуш берүүгө катышуу милдетине таянуу менен пландаштырууга милдеттүү.

6. Фракциянын жана депутаттык топтун мүчөлөрү иш-чараны өткөрүү күнүнө пландаштырылып жаткан иш сапарлары же башка иш-чаралар жөнүндө фракциянын лидерине/депутаттык топтун жетекчисине жазуу жүзүндө же электрондук почта аркылуу кабарлоого милдеттүү.

7. (КР 2023-жылдын 19-апрелиндеги N 92 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8. Катышып жаткан жана жок депутаттардын саны аныкталгандан кийин төрагалык кылуучу мыйзам долбоорлоруна карата токтомдордун долбоорлорун добушка коет.

Добуш берүүдөн качууга жол берилбейт. Эгерде Конституцияда башкасы каралбаса, мыйзамдар Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

9. (КР 2023-жылдын 19-апрелиндеги N 92 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

10. Депутаттарды каттоонун жана алардын атын атап добуш берүүнүн натыйжалары 2 жумуш күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылат.

(КР 2023-жылдын 19-апрелиндеги N 92, 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-83)  
Кийинки берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-85)
