# 81-берене. Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштарын өткөрүүнүн укук ченемдүүлүгү үчүн кворум

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2024 года № 205 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020105)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437#diff=14094..24056>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 81-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-81

---

1. Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштары кворум болгондо чечим кабыл алууга укуктуу, мында жыйналыш - мыйзамдуу, ал эми кабыл алынган чечимдер юридикалык күчкө ээ деп эсептелет.

2. Жогорку Кеңештин, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштарынын кворуму Жогорку Кеңештин депутаттарынын, комитеттердин, комиссиялардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү катышкандыгын билдирет.

3. Депутаттарды каттоо башталгандан тартып 15 мүнөттүн ичинде кворум жок болгон учурда төрагалык кылуучу танапис жарыялайт.

4. Эгерде танапис убагында кворумдун болушу камсыз кылынбаса, анда жыйналыш болбой калды деп эсептелет.

(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-80)  
Кийинки берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-82)
