# 80-берене. Жыйналыштын күн тартибинин маселесине кайрылып келүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-80>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-80.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 80-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-80

---

Четке кагылган мыйзам долбоорлорун кошпогондо, Жогорку Кеңештин жыйналышы ичинде каралып жаткан маселеге бир ирет кайрылып келүүгө жол берилет. Каралып жаткан маселеге кайрылып келүү бул маселе боюнча мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгарууну билдирет. Каралган маселеге кайрылып келүү жөнүндө добуш берүү жокко чыгарылып жаткан чечим кабыл алынган тартипте жүргүзүлөт. Алгачкы добуш берүүнүн натыйжалары жыйналыштын протоколуна киргизилет жана Жогорку Кеңештин токтому менен таризделбейт.

---

Мурунку берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-79)  
Кийинки берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-81)
