# 8-берене. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 8-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-8

---

1. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы шайлоонун расмий натыйжалары аныкталгандан кийин 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.

2. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышын курагы боюнча улуу, шайланган депутат ачат, ал Төрага шайланганга чейин төрагалык кылуучунун функцияларын аткарат.

Жогорку Кеңештин жыйналышы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин аткаруу менен башталат.

3. Төрагалык кылуучу Жогорку Кеңешке шайлоонун натыйжаларын жарыялоо жана депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына сөз берет.

4. Шайланган депутат Конституциянын текстине оң колун коюп, Жогорку Кеңештин алдында төмөнкүдөй мазмундагы ант берет:

"Мен. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууга киришип жатып, Кыргыз Республикасына берилгендигимди билдирип, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, өз милдеттеримди бүткүл элдин кызыкчылыгында жоопкерчилик менен аткарууга, кыргыз мамлекетинин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын коргоого ант беремин".

5. Анттын текстинен жана аны берүүнүн жол-жоболорунан четтөөгө жол берилбейт. Четтеп кеткен учурда ант кайталанып берилет.

6. Ант берүү жол-жоболорунун сакталышын контролдоону Жогорку Кеңештин Даярдык көрүү тобу жүзөгө ашырат.

7. Ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон депутаттын ордуна келген депутаттын ант берүү тартиби ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылат.

8. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары ал ант берген күндөн тартып башталат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-9)
