# 79-берене. Жарыш сөздөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 79-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-79

---

1. Төрагалык кылуучунун уруксаты болмоюнча Жогорку Кеңештин жыйналышында эч ким сөз сүйлөөгө укуксуз.

2. Жогорку Кеңештин жыйналышында жооптуу комитеттин, комиссиянын төрагасы (өкүлү), фракциянын лидери, депутаттык топтун жетекчиси же алар ыйгарым укук берген депутат, ошондой эле бир мандаттуу округ боюнча шайланган, фракцияларга жана депутаттык топторго кирбеген депутат бир эле маселе боюнча жарыш сөздөрдө экиден ашык эмес сүйлөй алат.

3. Жарыш сөздөрдө сөз сүйлөөчү талкууланып жаткан маселенин темасын сактоого тийиш. Эгерде сөз сүйлөөчү темадан четтесе, төрагалык кылуучу эскертүү жасайт, ал эми талапты аткарбаган учурда сөздөн ажыратат.

4. Төрагалык кылуучу жарыш сөздөрдү токтотуу жөнүндө сунушту алып, сөзгө жазылгандардын жана чыгып сүйлөгөндөрдүн саны жөнүндө депутаттарга маалымдайт, жазылгандардын кимиси чыгып сүйлөө ниетинен кайтпасын тактайт жана ушуну эске алуу менен жарыш сөздү токтотуу жөнүндө маселени добушка коет.

5. Жарыш сөздүн токтотулушуна байланыштуу сөз сүйлөй албай калган фракциянын, депутаттык топтун өкүлү, депутаттар сүйлөөчү сөздөрүнүн кол коюлган тексттерин жыйналыштын стенограммасына тиркөө үчүн аларды Төрагага берүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-78)  
Кийинки берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-80)
