# 77-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышындагы жол-жобо маселелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 77-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-77

---

1. Жол-жобо маселелерине жыйналышты алы баруунун тартибине тиешелүү төмөнкү маселелер кирет:

1) танапис, жыйналышты кийинкиге которуу, жабуу же узартуу жөнүндө;

2) добуш берүү ыкмасын өзгөртүү жөнүндө;

3) сөз сүйлөөнүн кезектүүлүгүн өзгөртүү жөнүндө;

4) кошумча каттоо жүргүзүү жөнүндө;

5) кворумду тастыктоо жана добуштарды кайрадан эсептөө жөнүндө;

6) талкууланып жаткан маселе боюнча жарыш сөздөрдү кийинкиге калтыруу же токтотуу жөнүндө;

7) маселени жооптуу комитеттин же убактылуу комиссиянын кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө;

8) сөз сүйлөө убактысын чектөө же узартуу жөнүндө;

9) жыйналыштын күн тартибинин башка маселелерине өтүү (кайрылып келүү) жөнүндө;

10) жыйналышта маселелерди кароонун жана талкуулоонун кезектүүлүгү жөнүндө;

11) добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө;

12) маселени кароону кийинки жыйналышка которуу жөнүндө;

13) күн тартибинин маселесин талкуулоонун жалпы узактыгын белгилөө жөнүндө;

14) маселени жыйналыштын күн тартибинен алып салуу жөнүндө;

15) суроолорго жооптор үчүн убакыттын узактыгы жөнүндө;

16) сүйлөнүүчү сөздөрдүн жана суроолордун санына чектөөнү белгилөө жөнүндө;

17) суроолорго жана жоопторго убакытты чектөө же узартуу жөнүндө;

18) ушул Регламенттин 35-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарды жыйналышка чакыруу жөнүндө;

19) чакырылган адамдарга сөз берүү жөнүндө;

20) күн тартибинин маселеси боюнча аны талкуулабастан добуш берүүгө өтүү жөнүндө;

21) добуштарды кайра эсептөө жөнүндө;

22) жол-жобого таандык болгон башка маселелер.

2. Жогорку Кеңештин жол-жоболук маселелер боюнча чечими катышып жаткан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана токтом менен таризделбейт.

---

Мурунку берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-76)  
Кийинки берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-78)
