# 76-берене. Кыскартылган жол-жобо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-76>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-76.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 76-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-76

---

1. Жогорку Кеңеш төрагалык кылуучунун, фракциянын, депутаттык топтун, жооптуу комитеттин же депутаттардын үчтөн биринен кем эмесинин сунушу боюнча маселени кыскартылган жол-жобо боюнча кароо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

2. Жыйналыштагы кыскартылган жол-жобо төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) негизги демилгечинин баяндамасын;

2) жооптуу комитеттин же болбосо убактылуу комиссиянын өкүлүнүн кошумча баяндамасын;

3) ар бир фракциядан, депутаттык топтон же бир мандаттуу округ боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттан эки суроону жана аларга жоопторду;

4) ар бир фракциядан, депутаттык топтон же бир мандаттуу округ боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттан бирден өкүлдүн сөз сүйлөөсүн;

5) добуш берүү жүйөсү боюнча ар бир фракциядан, депутаттык топтон же бир мандаттуу округ боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттан бирден өкүлдүн сөз сүйлөөсүн.

---

Мурунку берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-75)  
Кийинки берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-77)
