# 74-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышында маселелерди кароонун жол-жоболору

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 74-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-74

---

1. Ушул Регламентте белгиленген учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңеш күн тартибинин маселелерин кароонун жол-жоболорун колдонуу жөнүндө маселени депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу чечет.

2. Жол-жоболордун түрлөрүнүн бирин колдонуу жөнүндө чечим жыйналыштын стенограммасында чагылдырылат тийиш жана токтом менен таризделбейт.

3. Жогорку Кеңештин жыйналышында фракциянын лидери, депутаттык топтун жетекчиси же алар тарабынан ыйгарым укук берилген депутат, комитеттин төрагасы (өкүлү), бир мандаттуу округ боюнча шайланган, фракцияларга жана депутаттык топторго кирбеген депутат жол-жобо маселеси боюнча эки жолудан ашык эмес сүйлөй алат.

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-73)  
Кийинки берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-75)
