# 72-берене. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 72-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-72

---

1. Министрлер Кабинети кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Социалдык фонд) жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (мындан ары - Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду) бюджеттеринин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

2. Белгиленген бюджеттердин долбоорлору Жогорку Кеңешке берилген күндөн тартып 20 күндүн ичинде Жогорку Кеңештин фракциялары, депутаттык топтору жана комитеттери:

1) бул бюджеттердин долбоорлоруна карата мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматын жана Эсептөө палатасынын төрагасынын корутундусун угат;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларында белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен бюджеттердин долбоорлору боюнча корутундуларды Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кароосуна берет;

3) Жогорку Кеңештин фракциялары, депутаттык топтору жана комитеттери тиешелүү бюджеттердин айрым чыгымдарын көбөйтүү жөнүндө чечимдерди кабыл алган учурда чыгымдардын башка категорияларын тиешелүү көлөмдө кыскартуу жөнүндө сунуштарды милдеттүү тартипте киргизет жана (же) кошумча чыгымдарды каржылоонун конкреттүү булактарын аныктайт.

3. Жогорку Кеңеш Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жөнүндө мыйзамдарды кезектеги бюджеттик жыл башталганга чейин бир айдан кечиктирбестен үч окуу жол-жобосу боюнча карайт жана кабыл алат.

---

Мурунку берене: [711-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-711)  
Кийинки берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-73)
