# 711-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437#diff=1359..14094>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-711>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-711.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 711-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-711

---

1. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун кезектеги календардык жылдан мурдагы жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

2. Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлоруна кезектеги календардык жылдан мурдагы жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен коомдук талкуулоо жол-жобосу жүргүзүлүүгө жана Министрлер Кабинетинин корутундусу алынууга тийиш.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда пакеттик түрдө каралат.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жана Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда жактырылган мыйзам долбоорлору экинчи окууда бир мыйзам долбооруна бириктирилет, ал андан ары ушул Регламентте жалпы белгиленген тартипте каралат.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин ченемдик укуктук актыларын ишке ашыруу максатында, ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон, салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон карама-каршылыктарды жоюу же ченемдер жок болгон учурларда иштелип чыккан мыйзам долбоорлору ушул Регламентте жалпы белгиленген тартипте каралат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-71)  
Кийинки берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-72)
