# 71-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-71>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-71.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 71-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-71

---

1. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароонун натыйжалары боюнча Жогорку Кеңеш депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды кабыл алат.

2. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору жаңы бюджеттик жыл башталганга чейин бир айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан каралат жана кабыл алынат.

3. Эгерде республикалык бюджеттин долбоору үстүдөгү жылдын аягына чейин бекитилбесе, Министрлер Кабинети тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген республикалык бюджеттин долбоорунда каралган чыгымдардын жылдык суммасынын он экиден бир бөлүгүнүн чектеринде ал бекитилгенге чейин Министрлер Кабинети чыгымдарды ай сайын жүргүзүүгө укуктуу.

4. Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан учурда республикалык бюджет Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат жана Жогорку Кеңеш менен Министрлер Кабинетинин жаңы курамы түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизилет.

---

Мурунку берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-70)  
Кийинки берене: [711-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-711)
