# 70-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-70>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-70.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 70-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-70

---

Жогорку Кеңеш республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт жана Бюджеттик классификацияга жана тиркемелерге ылайык кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге сунуш кылынган төмөнкүдөй параметрлерди кабыл алат:

1) ички дүң продуктуга карата республикалык бюджеттин кирешелеринин салыштырма салмагын жана алардын абсолюттук суммасын;

2) ички дүң продуктуга карата республикалык бюджеттин чыгымдарынын салыштырма салмагын жана алардын абсолюттук суммасын;

3) ички дүң продуктуга карата абсолюттук цифраларда жана пайыздарда республикалык бюджеттин тартыштыгын (профицитин);

4) бюджеттин тартыштыгын жабуу булактарын;

5) кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге кирешелерди республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүнүн ченемдерин;

6) кезектеги бюджеттик жылдын аягына жана пландаштыруучу мезгилге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички жана тышкы карызынын жогорку чегин;

7) кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге Министрлер Кабинетинин резервдик фонддорунун ченемдик чоңдугун.

---

Мурунку берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-69)  
Кийинки берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-71)
