# 69-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2024 года № 205 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020105)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437#diff=14094..24056>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-69>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-69.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 69-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-69

---

1. Жогорку Кеңеш биринчи окууда төмөнкүлөрдү карайт:

1) каралып жаткан мезгилдерге Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн болжолун;

2) кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге бюджеттик саясаттын программасын.

2. Биринчи окууда кабыл алынган республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууга Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү үчүн келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды эске алуу менен Жогорку Кеңештин жооптуу комитетине кароого жөнөтүлөт.

3. Фракциялар, депутаттык топтор, комитеттер жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар жазуу жүзүндөгү сунуштарды Жогорку Кеңештин жооптуу комитетине жана бир эле убакта эксперттик кызматтарына 5 күндүк мөөнөттө жөнөтөт.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сунуш келип түшкөн күндөн тартып 10 күндүк мөөнөттө ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбооруна киргизүү (киргизбөө) мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутундуну берет.

5. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда четке кагылган учурда Жогорку Кеңеш республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кайрадан кароо үчүн Министрлер Кабинетине аны жеткире иштеп чыгуу жана сунуштоо үчүн мөөнөттү аныктайт.

(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-68)  
Кийинки берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-70)
