# 68-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды кабыл алууга талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 68-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-68

---

1. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан ушул Регламенттин жоболоруна ылайык үч окууда толук талкуулоо жол-жобосу боюнча каралат.

2. Республикалык бюджетти жана ага өзгөртүүлөрдү бекитүү маселеси боюнча чечим кабыл алуу, эгерде бул Министрлер Кабинетинин Төрагасынын корутундусу боюнча бюджеттик жөнгө салууда кыйынчылыктарга алып келе турган болсо, кийинки жыйналышка калтырылышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-67)  
Кийинки берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-69)
