# 64-берене. Жогорку Кеңеш ратификациялоого же денонсациялоого тийиш болгон эл аралык келишимдердин долбоорлорун макулдашуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-64>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-64.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 64-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-64

---

1. Жогорку Кеңеш ратификациялоого же денонсациялоого тийиш болгон эл аралык келишимдин долбоору ага Президент же кол коюуга ыйгарым укук берилген кызмат адамдары кол коердун алдында макулдашуу үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттерине жөнөтүлөт.

2. Жооптуу комитет тармактык комитет менен бирдикте төмөнкүлөрдү карайт:

1) эл аралык келишимдин долбоорунун текстин;

2) тексттин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештиги жөнүндө Юстиция министрлигинин экспертизасын;

3) келишимдин долбоорунан келип чыккан каржы милдеттенмелери бөлүгүндө тийиштүү министрликтин экспертизасын;

4) тышкы иштер маселелер карамагында болгон орган менен макулдашуу документтерин.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн талаптары сакталбаган учурда эл аралык келишимдин долбоору катталбайт.

Келип түшкөн эл аралык келишимдин долбоору Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттерине берилгенге чейин ал лингвистикалык экспертизадан өтүүгө тийиш. Жогорку Кеңештин жооптуу комитети эл аралык келишимдин долбоорун лингвистикалык кызматтын корутундусу болгон учурда карайт.

4. Эл аралык келишимдин долбоорунун тексти боюнча Жогорку Кеңештин комитеттеринин сын-пикирлери болгон учурда, алар келишимдин тарабы менен жеткире иштеп чыгуу үчүн Президентке же Министрлер Кабинетине жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-63)  
Кийинки берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-65)
