# 63-берене. Жогорку Кеңеш Конституцияны кабыл алуу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алышы, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун Жогорку Кеңеш кароосунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 63-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-63

---

1. Конституцияны кабыл алуу жөнүндө, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун демилгелөөнүн жана кабыл алуунун тартиби Конституциянын 116-беренеси менен аныкталат.

2. Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору корутунду берүү үчүн Конституциялык сотко жөнөтүлүүгө тийиш.

Конституциялык сот терс корутунду чыгарган учурда Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору каралбайт.

3. Конституциянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүмдөрүнүн жоболоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор Президенттин же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.

4. Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамды мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен кабыл алат.

5. Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам окуулардын ортосундагы 2 айлык интервал менен үчтөн кем эмес окуу жүргүзүлгөндөн кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

6. Конституцияны кабыл алуу, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамга Президент кол коет.

---

Мурунку берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-62)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-64)
