# 61-берене. Мыйзамдарды расмий чечмелөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 61-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-61

---

1. Конституцияны кошпогондо, Жогорку Кеңеш конституциялык мыйзамдарга, кодекстерге, мыйзамдарга же алардын түзүмдүк элементтерине расмий чечмелөөнү берет.

Расмий чечмелөө мыйзамды кабыл алуу аркылуу жүзөгө ашырылат.

2. Мыйзамды расмий чечмелөө мыйзамдын өзүнө, колдонуудагы башка мыйзамдарга карама-каршы келүүгө тийиш эмес жана жаңы укук мамилелерин түзүүгө тийиш эмес.

3. Расмий чечмелөө процессинде мыйзамдардын долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө тыюу салынат. Мыйзамдардын ченемдери Конституциянын жоболоруна толук ылайык чечмеленүүгө тийиш.

4. Конституциялык мыйзамдардын, кодекстердин, мыйзамдардын же алардын түзүмдүк элементтеринин расмий чечмелөөсүн берүү жөнүндө жеке жана юридикалык жактардын сунуштары киргизилгенде Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттери аларды кабыл алат же четке кагат.

5. Расмий чечмелөөнү берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда комитет мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу топту түзөт, анын курамына демилгени колдогон комитеттин мүчөлөрү, ошондой эле башка таламдаш жактар кирет. Мыйзам долбоорунун, демилгечилери болуп депутаттар - жумушчу топтун мүчөлөрү же башка депутаттар саналат.

6. Расмий чечмелөө жөнүндө сунуштарды кароонун натыйжалары боюнча жооптуу комитет кайрылуунун ээсине жазуу жүзүндө жүйөлөштүрүлгөн жооп жөнөтөт.

---

Мурунку берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-60)  
Кийинки берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-62)
