# 60-берене. Макулдашуу тобун түзүү жана анын иши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 60-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-60

---

1. Макулдашуу тобун түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууда Жогорку Кеңеш анын Жогорку Кеңештен жана Президенттен мүчөлөрүнүн санын жана курамын аныктайт.

2. Макулдашуу тобуна Жогорку Кеңештен демилгечи жана макулдашуу боюнча жооптуу комитеттин өкүлү кирет.

Эгерде демилгечи Конституциянын 79-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча ыйгарым укуктары токтотулган депутат болуп саналса, макулдашуу тобунун курамына жооптуу комитеттин кошумча өкүлү кирет.

3. Чечим кабыл алууда макулдашуу тобунун мүчөлөрүнүн добуш берүүсү "бир тарап - бир добуш" принциби боюнча жүргүзүлөт. Макулдашуу тобунун чечими бир добуштан болууга тийиш.

4. Мыйзамдын макулдашылган вариантына жана түзөтүүлөрдүн таблицасына кол коюлганга чейин макулдашуу тобунун Жогорку Кеңештен тең төрагасы аларды ушул Регламенттин 49-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган шарттарды аткаруу үчүн эксперттик кызматтарга жөнөтөт.

5. Макулдашуу тобу аны түзүү жөнүндө Жогорку Кеңеш тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып 30 жумуш күндөн кечиктирбестен мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

Макулдашуу тобунун мүчөлөрүнүн ортосунда макулдук болбогон учурда жооптуу комитет четке кагуу жөнүндө сунуштама менен мыйзамды Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

6. Макулдашуу тобунун ишин уюштурууну жана маалыматтык камсыз кылууну жооптуу комитеттин бөлүмү жүзөгө ашырат.

7. Жогорку Кеңеш макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан төмөнкүнүн варианты боюнча чечим кабыл алат:

1) конституциялык мыйзамдын - депутаттардын жалпы санынын кеминде үчтөн эки көпчүлүк добушу менен;

2) мыйзамдын - депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү менен.

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-59)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-61)
