# 6-берене. Даярдык көрүү тобун түзүү жана ишин уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 6-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-6

---

1. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышын уюштуруу үчүн шайлоо босогосунан өткөн партиялардын жана бир мандаттуу шайлоо округдар боюнча шайланган депутаттардын демилгеси боюнча, келгендерине жараша Жогорку Кеңештин депутаттарынан Даярдык көрүү тобу түзүлөт.

2. Даярдык көрүү тобун Жогорку Кеңешке шайланган курагы боюнча улуу депутат жетектейт.

3. Контролдоо ыйгарым укуктарын жана жабык жыйналыштарды өткөрүүнү кошпогондо, Даярдык көрүү тобу Жогорку Кеңештин комитеттери үчүн ушул Регламентте белгиленген тартипте иштейт жана өзүнүн ишин биринчи жыйналыш аяктагандан кийин токтотот.

4. Даярдык көрүү тобу жүргүзүлгөн иш жөнүндө жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышында баяндайт.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-7)
