# 58-берене. Кабыл алынган мыйзамдын биротоло текстин даярдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2026 года № 69 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики", "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046323)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437#diff=44713..53296>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-58>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-58.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 58-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-58

---

1. Мыйзам долбоору каралгандан жана үч окууда кабыл алынгандан кийин мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды деп эсептелет.

2. Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдын тексти оңдолууга тийиш эмес.

3. Эгерде Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан мыйзамдын биротоло текстин даярдоо процессинде карама-каршылыктар жана чечилиши көрсөтүлгөн түзүмдүк бөлүмдүн ыйгарым укуктарына кирбеген башка маселелер табылса, алар боюнча чечимди жооптуу комитет өзүнүн корутундуларынын жана жыйналыштардын стенограммаларынын негизинде кабыл алат.

4. Аппараттын ченемдик укуктук актыларды чыгаруу үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмү Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдын биротоло текстин төмөнкү кызмат адамдары менен макулдашат:

1) жооптуу комитеттин төрагасы;

2) жооптуу комитеттин бөлүмүнүн башчысы;

3) юридикалык кызматтын жетекчиси;

4) котормо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн жетекчиси.

5. Мыйзам үчүнчү окууда кабыл алынгандан кийин аны кароого кайра кайтарууга жол берилбейт.

6. Кабыл алынган мыйзамдын мамлекеттик жана расмий тилдердеги биротоло тексти кол коюу жана жарыялоо үчүн 14 жумуш күндүн ичинде кагаз же электрондук түрдө Президентке жөнөтүлөт.

(КР 2026-жылдын 19-майындагы № 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-57)  
Кийинки берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-59)
