# 57-берене. Экинчи окуунун жол-жобосуна кайрылып келүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 57-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-57

---

1. Мыйзам долбоорунун мазмунуна таасир этүүчү грамматикалык, редакциялык жана техникалык мүнөздөгү каталар табылганда Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароону кийинкиге калтыруу жана экинчи окуу жол-жобосуна кайрылып келүү чечимин бир жолудан ашык эмес кабыл алууга укуктуу.

2. Түзөтүүлөрдү киргизүүнүн демилгечиси экинчи окуу жол-жобосуна кайрылып келүү жөнүндө негизделген сунушу менен жооптуу комитетке кайрылууга укуктуу.

Жооптуу комитет экинчи окуу жол-жобосуна кайрылып келүү жөнүндө сунушту жактыруу же четке кагуу тууралуу чечим кабыл алат жана маселени Жогорку Кеңештин кароосуна коет.

3. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынган экинчи окуу жол-жобосуна кайрылып келүү жөнүндө токтом ушул мыйзам долбоору боюнча мурда кабыл алынган токтомду жокко чыгарат.

4. Мыйзам долбоору жооптуу комитетке жеткире иштеп чыгууга жөнөтүлөт, ал 7 күндүн ичинде маселени Жогорку Кеңештин жыйналышына киргизет жана андан соң экинчи окуунун белгиленген жол-жобосу боюнча каралат.

Жооптуу комитеттин экинчи окууга карата мурда кабыл алган корутундусу жокко чыгарылбайт жана кошумча корутунду менен бирдикте каралат.

---

Мурунку берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-56)  
Кийинки берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-58)
