# 56-берене. Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 19 апреля 2023 года № 92 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/112573)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437#diff=1263830..1263831>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 56-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-56

---

1. Мыйзам долбоорунун үчүнчү окуусу кабыл алынган түзөтүүлөрдү эске алуу менен аны комитетте кароонун натыйжалары жөнүндө жооптуу комитеттин төрагасынын баяндамасынан башталат.

2. Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароодо анын текстинин мазмунуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

3. Үчүнчү окууда бүтүндөй алганда мыйзам долбоорун же болбосо анын айрым түзүмдүк бирдиктерин талкуулоого кайрылып келүүгө жол берилбейт.

4. Мыйзам долбоору боюнча жыйынтыктоочу добуш берүүнүн алдында жооптуу комитет Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусу менен тексти редакциялык оңдоону жүргүзөт.

5. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорунун биротоло текстин үчүнчү окууда кабыл алуу же болбосо аны четке кагуу жөнүндө жыйынтыктоочу добуш берүүнү өткөрөт.

(КР 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 92 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-55)  
Кийинки берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-57)
