# 55-берене. Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 19 апреля 2023 года № 92 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/112573)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437#diff=1263830..1263831>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 55-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-55

---

1. Биринчи окуунун жүрүшүндөгү талкуунун убагында түзөтүүлөрдүн демилгечилеринен жооптуу комитетке келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштар боюнча мыйзам долбоорунун беренелери экинчи окууда каралат.

2. Мыйзам долбоорунун экинчи окуусу келип түшкөн түзөтүүлөрдү кароонун жыйынтыктары жөнүндө жооптуу комитеттин төрагасынын баяндамасынан башталат.

3. Төрагалык кылуучу жооптуу комитет тарабынан сунушталган түзөтүүлөр боюнча фракциялардын, депутаттык топтордун, депутаттардын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн жана жыйналышка чакырылган адамдардын каршы пикирлеринин бар-жогун айкындайт.

4. Жооптуу комитеттин сунуштамаларына каршы пикирлер болбогон учурда төрагалык кылуучу жооптуу комитет сунуштаган мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү жалпы жонунан кабыл алуу жөнүндө маселени добушка коет.

5. Жооптуу комитет тарабынан сунушталган кандайдыр бир түзөтүүлөргө каршы пикирлер болгон учурда төрагалык кылуучу адегенде каршы пикирлер болбогон түзөтүүлөрдү добушка коет, андан кийин каршы пикирлер болгон ар бир түзөтүү боюнча жарыш сөз ачат.

6. Тиешелүү түзөтүү боюнча жарыш сөздөр токтотулгандан кийин төрагалык кылуучу адегенде жооптуу комитеттин сунуштамасын добушка коет. Жооптуу комитеттин сунуштамасы кабыл алынган учурда талкууланып жаткан беренеге карата демилгечинин түзөтүүсү боюнча добуш берүү жүргүзүлбөйт. Эгерде жооптуу комитеттин сунуштамасы кабыл алынбаса, демилгечилердин түзөтүүлөрү түзөтүүлөрдүн таблицасында көрсөтүлгөн тартипте добушка коюлат. Талкууланып жаткан беренеге карата кандайдыр бир түзөтүүлөр кабыл алынган учурда калган түзөтүүлөр боюнча добуш берүү жүргүзүлбөйт. Жооптуу комитеттин сунуштамалары да, демилгечинин түзөтүүлөрү да четке кагылган учурда мыйзам долбоорунун биринчи окууда кабыл алынган редакциясы сакталат.

7. Мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулоонун жүрүшүндө ага карата жазуу жүзүндөгү жаңы түзөтүүлөр келип түшкөн учурда, аларды иликтөө жана мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу үчүн мыйзам долбоору жооптуу комитетке бир жолу кайра кайтарылат. Бул чечим Жогорку Кеңештин токтомун кабыл алууну талап кылбайт. Мындай учурда Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам долбоорун кароо экинчи окуунун жол-жобосу боюнча кайрадан жүргүзүлөт.

8. Мыйзам долбооруна карата бардык түзөтүүлөрдү кароонун жыйынтыктары боюнча төрагалык кылуучу мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу же четке кагуу жөнүндө маселени добушка коет.

9. Экинчи окууда кабыл алынган мыйзам долбоору кабыл алынган түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууга даярдоо үчүн жооптуу комитетке жөнөтүлөт.

(КР 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 92 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-56)
