# 54-берене. Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2024 года № 205 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020105)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437#diff=14094..24056>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 54-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-54

---

1. Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароодо концепциясы, максаттары жана милдеттери, түзүмү, актуалдуулугу, максатка ылайыктуулугу, ошондой эле Конституциянын жоболоруна шайкештиги талкууланат. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорунун бардык беренелерин ырааттуу талкуулоо (беренелер боюнча талкуулоо) жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

2. Мыйзам долбоорун кароо демилгечинин борбордук трибунадагы баяндамасынан башталат жана толук талкуулоо жол-жобосу боюнча жүргүзүлөт.

3. Биринчи окуунун жүрүшүндө мыйзам долбоорунун текстине түзөтүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

4. Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароонун натыйжалары боюнча Жогорку Кеңеш төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:

1) жооптуу комитетке аны экинчи окууга даярдоону тапшыруу менен мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу;

2) мыйзам долбоорун четке кагуу.

5. Мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомунда мыйзам долбооруна карата түзөтүүлөрдү берүүнүн мөөнөтү көрсөтүлөт, ал 10 жумуш күндөн ашышы мүмкүн эмес.

6. Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынгандан кийин аны Жогорку Кеңеш тарабынан кароонун кийинки этаптарында жоопкерчиликти жооптуу комитет тартат.

(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-55)
