# 52-берене. Жооптуу комитет тарабынан мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2026 года № 69 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики", "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046323)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437#diff=44713..53296>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 52-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-52

---

1. Жооптуу комитет мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоонун жүрүшүндө Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрү менен бирдикте экинчи окууда кабыл алынган түзөтүүлөрдү эске алуу менен мыйзам долбоорунун мамлекеттик жана расмий тилдердеги биротоло тексттерин даярдайт.

Мыйзам долбоорунун текстин даярдоодо тексттин ар түрдүү элементтеринин лексикалык бир түрдүүлүгүн камсыз кылуу, грамматикалык каталарды табуу жана жоюу, стилистикалык мүнөздөгү кемчиликтерди оңдоо, ошондой эле мыйзам чыгаруу техникасынын эрежелерин жана ченемдик укуктук актыларды баяндоонун расмий-иш стилинин ченемдерин сактоо максатында редакциялык түзөтүүлөрдү киргизүүгө жол берилет.

2. Жооптуу комитет үчүнчү окууга карата корутунду менен катар Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө кагаз же электрондук түрдө төмөнкүдөй материалдарды жөнөтөт:

1) мыйзам долбоорунун биротоло толук тексттерин жана мыйзам долбоорлорунун тиркелген пакетин;

2) киргизилген түзөтүүлөрү бар таблицаны;

3) Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун.

(КР 2026-жылдын 19-майындагы № 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-53)
