# 5-берене. Жогорку Кеңештин жайгашкан жери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 5-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-5

---

1. Жогорку Кеңештин туруктуу жайгашкан жери Кыргыз Республикасынын борбору - Бишкек шаары болуп саналат.

2. Зарыл учурларда Төраганын чечими боюнча Жогорку Кеңештин жыйналыштары башка жерде өткөрүлүшү мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же болбосо Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштары өтүп жаткан жерди камтыган анын бир бөлүгүндө өзгөчө кырдаал болгон учурда же өзгөчө абал орногондо Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштары видеоконференция режиминде өткөрүлүшү мүмкүн. Жыйналышты видеоконференция режиминде өткөрүү жөнүндө чечим Төрага тарабынан же депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.

3. Жогорку Кеңештин имаратына жана анын аймагына башка органдарды жана уюмдарды жайгаштырууга Жогорку Кеңештин макулдугу менен жол берилет.

4. Жогорку Кеңештин карамагында турган имараттарда жана аймактарда болуу жана жүрүү тартиби Жогорку Кеңеш бекитүүчү жобо менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-6)
