# 49-берене. Мыйзам долбоорунун экспертизасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112437/edition/1263829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112437/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 49-берене (17.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-49

---

1. Аппараттын эксперттик кызматтары мыйзам долбоору боюнча төмөнкүлөргө укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы экспертизалардын натыйжалары бар корутундуну милдеттүү тартипте берет:

1) алар жооптуу комитеттерде каралганга жана биринчи окууга киргизилгенге чейин мыйзам долбооруна жана мыйзам долбоорлорунун пакетине;

2) мыйзам долбоорун экинчи окууга карата даярдоонун жүрүшүндө киргизилген түзөтүүлөргө;

3) экинчи окуу жол-жобосуна кайра кайтарып берилген мыйзам долбооруна карата келип түшкөн түзөтүүлөргө;

4) мыйзам долбоорун кароо мөөнөтүн комитет узарткандан кийин 10 күндүн ичинде киргизилген түзөтүүлөргө;

5) Президенттин каршы пикирлери боюнча макулдашуу тобу тарабынан даярдалган мыйзамдын текстине.

2. Аппараттын лингвистикалык кызматы төмөнкүлөр камтылган экспертизаны жүзөгө ашырат:

1) каралганга жана биринчи окууга киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин дал келүүсү жана ички ырааттуулугу жагынан мамлекеттик жана расмий тилдердеги мыйзам долбоорунун жана мыйзам долбоорлорунун тиркелген пакетинин тексттеринин салыштырма-редакциялык экспертизасы;

2) биринчи жана экинчи окууларда кабыл алынган мыйзам долбоорлоруна карата түзөтүүлөрдүн тексттеринин окшоштугу;

3) үчүнчү окууда кабыл алынган мыйзамдардын мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттеринин окшоштугу жана терминдер менен түшүнүктөрдү бирдейлештирүү;

4) Президенттин каршы пикирлери боюнча макулдашуу тобу даярдаган мыйзамдын макулдашылган вариантынын тексттеринин окшоштугу.

3. Эксперттик корутундуларга, ошондой эле котормолордун тексттерине тиешелүү кызматтын жетекчиси кол коет.

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112437/st-50)
